БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ! Административдик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу, милициянын подполковниги Анна Медведева тарабынан "административдик өндүрүштүн бирдиктүү реестрин колдонуунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү" темасында лекциялык сабак уюштурулду. Укуктук негиздери жана практикалык ишмердүүлүктө колдонуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып жатып, Талгат Ильясович ЕРАПТЫН мобилдик тиркемеси аркылуу административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча Административдик-процесстик документтерди кантип түзүүгө боло тургандыгын, тиркемени колдонууда кандай кыйынчылыктар пайда болоорун, ошондой эле жаш адистерге андан аркы практикалык ишмердүүлүктө зарыл болгон сунуштарды көрсөттү. Өткөрүлгөн сабак угуучулардын чыныгы кызыгуусун жаратты, алар активдүү суроолорду беришти жана практикалык кызматкерден бир катар насааттарды алышты.
2024-ж., 29-фев. 08:45:35