КР ИИМ Шракбек Кабылбаев атындагы Костанай академиясында "Борбордук Азиядагы пробация кызматын өнүктүрүү: чакырыктар жана перспективалар"темасында тегерек стол болуп өттү. Ага БУУнун Баңгизаттар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кесиптештери, Костанай облусу боюнча жазык - аткаруу тутумунун департаментинин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын алдында анын катышуучулары Шракбек Кабылбаевдин бюстуна гүл коюп, ЖОЖдун жетекчилиги менен жолугушту. Костанай Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Акынкали Дарменов куттуктоо сөзүндө кесиптештерине узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, баарына жемиштүү иш каалады. Ошондой эле иш-чаранын коноктору үчүн Академия боюнча чакан таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
2024-ж., 2-май 06:19:42