КР ИИМ Шракбек Кабылбаев атындагы Костанай академиясында экстремизм жана терроризм менен байланышкан кылмыштары үчүн соттолгондор, анын ичинде мамлекеттин чегинен тышкары аскердик конфиликттерге катышкан адамдар менен иштөө боюнча аймактык программаны ишке ашыруунун алкагында эл аралык семинар-тренинг ишке киришти. Иш-чаранын катышуучуларын Академиянын башчысы, милициянын генерал-майору Акынкали Дарменов тосуп алды. Костанай академиясы беш жылдан бери Казакстандагы пенитенциардык тутумдун стратегиялык өнөктөшү болуп саналат жана борбордук азия регионунун жазык-аткаруу тутумунун жана пробация кызматынын кызматкерлерин окутуу үчүн регионалдык хаб катары каралууда. БУУ БКБнын Казакстан Республикасындагы кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Мадина Сариева аталган программа ишке ашыруунун экинчи фазасына өткөндүгүн айтты. Долбоордун биринчи бөлүгү Костанай академиясында Нельсон Манделанын эрежелерин ишке ашыруу боюнча илимий-билим берүү борборунун ачылышы менен белгиленди. Ал семинардын конокторун, Кыргыз Республикасынан өнөктөштөрдү тосуп алды, Дания, Нидерланды, Германиядан келген эл аралык эксперттерге ыраазычылыгын билдирди, алар жыйырма сааттан ашык учуп өтүп, бүгүн залда жана иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Онлайн форматтагы семинар-тренингдин биринчи күнүнүн ишине башка эл аралык эксперттер да катышты.
2024-ж., 17-апр. 06:07:04